www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте "Жол картасын ишке ашыруунун натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын - Өзбекстан Республикасынын ишкер аялдарынын диалогу" эл аралык аялдар бизнес форуму өттү.

Форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарынын лидер аялдары өз бизнеси тууралуу сүйлөшүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эң башкысы өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча ишкердик байланыштарды түзүштү.

Форумдун алкагында ишкер аялдар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана перспективаларга өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле алардын Борбордук Азиянын бизнес чөйрөсүндөгү ролун күчөтүү каралды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму БУУнун өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азия аялдар диалогунун колдоосу менен өтүп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлорунун лидер аялдарынан турган "Борбордук Азиянын аялдар лигасы" коомдук фонду уюштурууда.

Борбор Азия аялдар диалогу 2020-жылдын аягында түзүлгөн. Буга чейин кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форуму Ташкентте болуп өткөн. Бул жолку аялдардын бизнес-форумунан конкреттүү жыйынтыктар күтүлүп жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева билдирди.

--“Бул жолку форумдан конкреттүү келишимдерди жана конкреттүү меморандумдарды күтүп жатабыз. Себеби бизде Өзбекстан менен биргеликте аялдар айыл чарба тармагында, жеңил өнөр жай тармагында иш алып бара алат. Өзбекстан менен базарларыбыз жакын. Ошондуктан Борбор Азия аялдарын күчтөндүрүү үчүн эки тараптуу бизнес-форум уюштуруп жатабыз. Бул аракеттер жакынкы эле күндөрдө өзүнүн жакшы жыйынтыктарын алып келет”, - дейт эл өкүлү.

Борбордук Азиядагы Аялдар лигасынын төрайымы Асел Атабекова кыргызстандагы ишкер айымдардын коңшу өлкөнүн ишкерлери менен сулөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтты.

--“Экономикалык жактан күчтүү аялдардын укуктары, балдары, үй-бүлөсү каралат .Форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдары тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өзбекстандан жалпы 22 ишкер аял, Кыргызстандан 57 ишкер айым катышууда”, - дейт ал.

Өтүп жаткан форумга келген БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кеңири чөйрөнүн катышуусунда өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр болуп, аялдар кыймылынын коомдогу орду жана ролу тууралуу өзүнүн оюн айтты.

--“Биз дүйнөдөгү аялдар менен катар Кыргызстандагы ар бир аялдын укугун коргогонго, аларга башка тармактан дагы колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бүгүнкү форумдун алкагында көптөгөн маселелелер чечилет деген ойдомун. Ишкер, же жаңыдан ишкерлик менен алектенем деген айымдарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Андыктан биздин эл аралык уюм аялдарга колдоо көрсөткөнгө даяр”, - дейт өкүл.

Иш-чарага Өзбекстан Олий Мажлисинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда.

Нарбаева Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32%ы аялдар экенин, мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалганын кошумчалады. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөнүн маалымдады.

--“Иш-чаранын жүрүшүндө региондогу  айымдардын  кызматташтыгына маанилүү импульс берет. “Диалогдун негизги максаты - гендердик теңдикти ишке ашыруу, региондогу  мамлекеттердин  айымдарынын ортосунда   көп пландуу кызматташтыкты, атап айтканда,  социалдык чөйрөдөгү, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство тармагындагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоо боюнча  Борбор Азия өлкөлөрү жетишкен  прогрессти анализдөө болуп саналат”, - дейт Танзила Нарбаева.

Кыргызстандык ишкер айым Кундус Кырбашева электр тармагында иш алып барат. Форумда электр энергиясын экспортто жана импортто боюнча пайдалуу чечим болуп калса деген ниетте.

--“Электр энергия шамалдан, суудан же башкадан өндүрүлөт. Шамалдын ылдамдыгы, секундасына кандай сокку болорун, айлана-чөйрө маселеси дагы каралды. Мисалы, ошолордун баары дыкат изилденип, эч кандай зыян тийгизбегендей жер тандалып, анан ишке киришебиз. Кыргызстанда электр энергеиясын өнурдгөн өнөр жай бар. Азыр биз өзүбүздүн ишибиз менен коңшу өлкөнүн айымдарына тааныштырдык. Өзбекстан Олий Мажлисинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Норбаева абдан таң калып, өзүнүн мамлекетинен келген айымдарга айтып, сунуштады. Биз экономиканы ушул багытта дагы көтөрө  алабыз”, - дейт Кырбашева.Ал эми Өзбекстандан келген Наргис Давлятова өзүнүн өдүргөн продукцияларын Кыргызстанга экспорттоону пландап келет. Ошону менен катар Кыргызстанда керектүү азык-түлүк же башка керектүү буюмдарды алып, иштетейин деген ойдо.

--“Мен бүгүнкү мамлекеттик деңгээлде уюштурулган форумга катышып жатканыма сыймыктанам. Кыргызстандан Өзбекстанга керектүү нерселерди экспорттон, импортоону пландап жүрөм. Азыр бул диолог мага абдан ынгайлуу болуп турат. Учурдан пайдаланып ишкерлер менен таанышайын деп жатам”,- дейт ал.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен.4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.

Быйыл август айында өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар. Ал каражатты Өзбекстан салат жана кийинчерээк 200 миллион долларга чейин жеткирилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости