www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ушул оорудан каза болгондор көбөйдү

2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, бул COVID-19 вирусу менен түздөн-түз байланыштуу. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн чектөөлөр киргизилгенде, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар жакшы дарылана албай калышкан. Ошондой эле тез медициналык жардам алуу кыйынчылык жараткан. Коронавирустун кесепетинен көпчүлүк жүрөк-кан тамыр оорулары оор өткөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын 7 айында жүрөк-кан тамыр ооруларынан 11 миң 373 адам каза болгон. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 733 учурга көп (2020-жылдын 7 айында 10 миң 640 киши көз жумган).

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы аритмологу, кардиолог Дамир Осмонов дагы жүрөк-кан тамыр оорулары менен кайрылган адамдар көбөйгөнүн белгиледи.

Коронавирус менен ооруган адамдарга кеңеш

«Эгерде олуттуу эмес физикалык күч келгенде адам аябай демигип, башы айланып же көзү караңгылап, көкүрөгү ооруса, буттары шишисе, түнкүсүн дем жетпей, ойгоно берсе жана жүрөгүнүн согушу кабатыр кылса (тез же жай соксо), кардиологго кайрылуу керек», - дейт Дамир Осмонов.

Анын айтымында, бул коронавирус менен ооругандан кийин жүрөктүн иштешинин бузулушунан кабар бериши мүмкүн. Анын ичинен эң көп кездешкен оору — перикардит. Бул учурда жүрөктүн кыртышы жабыркайт. Ал эми эң көп кездешкен оору — миокардит. Бул учурда жүрөктүн булчуңдары ооруйт.

«Жүрөктүн булчуңдары алсызданганда жүрөктүн согушу бузулуп, жүрөк жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, эң коркунучтуусу, кардиогенндик шоктон адам өмүрү кыйылышы мүмкүн. Себеби коронавирустун кесепетинен кан коюлуп, миокарддын инфаркты пайда болушу мүмкүн», - деди Осмонов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, эгерде сизде төмөнкү симптомдор байкалса, анда дарыгерге кайрылып, же болбосо тез жардам чакыруу зарыл:

- Көкүрөктүн оң тарабы, жүрөк тарап, кээде сол кол ооруса, булар демигүү менен коштолсо;

- Алсыздануу, эс-учун жоготуу;

- Жүрөктүн иштеши бузулса, айрыкча жагымсыз сезимдер менен коштолсо;

- Жүрөк тез соксо, 1 мүнөттө 120 жолудан ашса (бирок адамдын дене табы 1 градуска көбөйгөндө, жүрөктүн согушу 1 мүнөттө 10 жолу көп согорун эске алуу зарыл).

Эгерде жогоруда аталган симптомдор болсо, эмне кылуу керек:

- дароо дарыгерге кайрылып же тез жардам чакырыш керек (кардиобригаданы). Эгерде көпкө чейин келбесе, жакынкы медициналык мекемеге кайрылыш керек;

- ыңгайлуу абалда отуруп, бөлмөгө абанын киришин камсыздаш керек (терезе ачып, көйнөктүн жакасын бошотуп, сырткы кийимди чечип);

- эгерде дене табы көтөрүлсө «Парацетамол» ичип, кан басымын өлчөө керек;

- Үйдө «Нитроглицерин», «Валокардин» болсо, ичип алуу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости