www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте Агартуу министрлиги менен «Улут Софт» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, 137,4 млн сомдук келишимди текшерүү маселеси көтөрүлдү.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, долбоорго тартылган мугалимдерге жана эксперттерге 1 млн сомдон төлөнүшү керек болгон. Бирок адистердин өздөрүнүн айтымында, иш жүзүндө алар болгону 40 миң сомдон алышкан. Буга байланыштуу видеожазуулар социалдык тармактарда жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жаратты.
Депутат парламенттин тиешелүү комитетин келишимдин шарттарын, каралган төлөмдөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү тартибин иликтеп чыгууга, ошондой эле айтылган фактыларга укуктук баа берүүгө чакырды.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында долбоордун үстүндө иштеген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессорлору да жарыяланган 1 млн сомдун ордуна 40 миң сом алышканын билдиришкени маалымдалган.
Бул маселе эми өлкө парламентинин деңгээлинде расмий текшерүү жүргүзүү маселесине өттү.