www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч-Коргон ГЭСинде жабдууларды жаңылоо жана станциянын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча реконструкция иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 гидроагрегатты жана станциянын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Реконструкция 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар толугу менен жаңыланып, алардын жалпы кубаттуулугу 27 МВтка көбөйгөн.
№1 гидроагрегатты жаңылоо иштери аяктагандан кийин станциянын төрт гидроагрегаты тең толугу менен жаңыртылат.
Модернизациялоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Натыйжада Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин көбөйөт.
Долбоор станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга багытталган.
Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан ГЭСте азыркы реконструкция негизги жабдууларды жаңылоого багытталган биринчи ири масштабдуу модернизация болуп саналат.