www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва метросунун айрым кооз станциялары жана тарыхый имараттары Кыргызстандын Чаткал, Чычкан жана Өзгөн аймактарынан алынган мрамор жана табигый таштар менен кооздолгон. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Замир Сапар баракчасына жазды.
"СССР маалында Кыргызстандын мраморлору ушунчалык жогору баалангандыктан, аларды атайын поезд вагондору менен түз эле Москвага, эң башкы курулуштарга ташып турушкан.
Баары 1935-жылы, Москвада эң биринчи метро станциялары ачылганда башталган. Ошол кездеги эң кооз, тарыхый «Комсомольская» станциясынын катар тизилген устундарын кооздоо үчүн биздин Чаткал аймагынан чыккан алтын-сары түстөгү өзгөчө «Чоргунь» мрамору колдонулган экен. Бул таш станцияга ушул күнгө чейин өзгөчө бир салтанаттуу кооздук берип турат.
Кийинчерээк, 1970-1980-жылдары СССРдин туш тарабынан эң сапаттуу таштар изделгенде, Токтогулдун Чычкан капчыгайына жакын жайгашкан Арым кендеринен чыккан ак, боз жана өзгөчө кызгылт түстөгү мраморлор эң жогорку баага татыган. Ушул кыргыз мраморлору Москванын ири метро станцияларынын дубалдарын кооздогого тонналап ташылган.
Ошол эле учурда, 1960-1990-жылдары Өзгөн районундагы Сары-Таш кенинен чыккан өңү сары кумга окшогон абдан кооз жана бышык таш да абдан популярдуу болгон.
Мамлекеттик геологиялык корутундулар боюнча бул таш өзүнүн бышыктыгы жана уникалдуу текстурасы менен айырмаланып, Москвадагы ири имараттардын, чоң театрлардын фасаддарын жана Кремлдин айрым ички залдарын кооздоого колдонулуптур кезинде.
Тарыхый архивдерге таянсак, Москва метросунун башкы архитектору Алексей Щусев биздин Чаткалдан келген алтын-сары мрамордун өңүнө абдан суктанган. Ал эми советтик геологдор биздин Сары-Таш жана Арым таштарын өзүнүн бышыктыгы боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги эң сейрек кездешүүчү материал деп баалашкан.
Көрсө, биз ар дайым жанынан өтүп байкабай жүргөн Жалал-Абаддын, Өзгөндүн жана Чычкандын улуу тоолору– бүгүн дүйнөлүк архитектуралык шедеврлердин ажырагыс бир бөлүгү экен", - деди Замир Сапар.