www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 30-сентябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Беларусстандын ортосунда жарандардын өз ара каттоосуна байланыштуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Келишимге ылайык, Кыргызстандын жарандары Беларуска барганда 30 күнгө чейин каттоодон өтпөстөн жүрө алышат. Ушундай эле шарт Беларусстандын жарандарына Кыргызстанда болууда да колдонулат.
30 күндүк мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Белгиленген мөөнөттөн узак убакытка калууну пландаган жаран тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.
Келишимге 2025-жылдын 29-сентябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Минск шаарына расмий сапары учурунда кол коюлган.
Мыйзам долбоорун президенттин иш башкармалыгынын башкаруучусунун орун басары Талантбек Жунушов тааныштырды. Анын айтымында, келишим эки өлкөнүн жарандары үчүн каттоо жол-жобосун жеңилдетип, экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш кирешеге жана капиталга карата кош салык салууну жоюу боюнча Кыргызстан менен Гонконгдун ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Беларусь Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму сыяктуу бир катар эл аралык бирикмелерге мүчө.