www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда вице-премьер-министр жана Республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева брифингде сөз сүйлөдү.

Ал биздин өлкөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны 70 миңден ашканын эске салды. Күн сайын 400гө жакын жаңы учур катталат. Учурда 3 миңге жакын бейтап ооруканаларда жана клиникаларда дарыланууда.

“Дүйнөлүк коомчулук COVID-19 вирусуна каршы вакцина издөө жана иштеп чыгуу, дарылоо протоколдорун өркүндөтүү жана сезондук сасык тумоого каршы ар кандай эмдөөлөрдү жүргүзүү менен, оору менен күрөшүүдө жана алдын алууда. Ошондуктан Кыргызстанда пандемиянын башталышында киргизилген бардык чектөөлөрдү толугу менен алып салуу мүмкүн эмес. Ушундай эле көрүнүш коңшу өлкөлөрдө дагы болуп жатат”, – деп белгиледи Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, республикалык штабдын чечимине ылайык, ар бир региондо жана облуста жергиликтүү бийлик эпидемиологиялык кырдаалга негизденип, иш-чараларды чектөө же уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Алардын мындай кылууга укугу бар.

“Эгерде аймактык штаб уруксат берсе, анда экономикалык иш-аракеттерге жол берилет. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактаңыз. Оорунун жайылышына жол бербеңиз”, – деди вице-премьер-министр.

Эскерте кетсек, 1-декабрдан баштап соода борборлорунда фуд-кортторду ачуу, ошондой эле супермаркеттердин иштөө убактысын узартуу маселеси каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости