www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык экономикалык комиссия менен Куба өнөр жай кызматташтыгын күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мында жеңил өнөр жай, фармацевтика, кайра жаралуу булактары жана машина куруу артыкчылыктуу багыттар экенин ЕЭК билдирди.
Москвада ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманяндын төрагалыгы алдында Кубанын өнөр жай министри Хосе Гаспардын, ошондой эле аталган өлкөнүн тиешелүү ассоциация жана ишкана өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн.
Арзуманян интеграциялык долбоорлорду тандоо критерийлери жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.
"Өнөр жай тармагындагы диалогго өзгөчө басым жасайбыз. Мүмкүнчүлүктөр кеңири. Биздин көз карашыбызда жеңил өнөр жай, фармацевтика, кайра жаралуу булактары жана машина куруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат", — деди ЕЭК өкүлү.
Куба делегациясы ЕЭКке берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирген.
Булак: NazarNews.kg