www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев баштаган делегация Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына катышты.

Жолугушуунун алкагында маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр-жай жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 18 маселе талкууланган.

"ЕЭКтин кеңеши 2022-жылдын 1-январынан 31-августуна чейин кумшекерди бажы төлөмдөрүсүз ташып келүү тууралуу тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле "Алкоголдук продукция коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБдин техникалык регламенти өзгөртүлдү. Ага ылайык, регламентти күчүнө киргизүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылга чейин узартылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, кийинки жылы ЕЭКтин 10 жылдыгын белгилөө программасы бекитилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости