www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан не деген чалкып жаткан мамлекеттер, айрыкча Казакстан аянты боюнча ааламда тогузунчу орунда турат. Борбор Азияда 77% суунун запасы Кыргызстан, Тажикстанга туура келсе, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан суунун 85% ын чыгымдайт. Суунун жетишсиздиги бул аймактарда 90-жылдарда сезиле баштады. Ага чейин бул тарапка Сибирдин дарыяларын буруу тууралуу дымак бар болчу. Учурда суу тартыштыгы байкалып турат. Мамлекеттер суунун тартыштыгынын запкысын жеп жатышат. Энергия алмаштыруу боюнча мамлекеттер арасындагы байланыштын таш-талканы чыкты. Өзбекстан менен Тажикстан бири электр энергиясын берсе, бири көмүр беришип алака кылып турушчу азыр бул линия жок.
Азыр ар бир мамлекет өз арбайын өзү согуп жатат, электэнергиясынын талаптарын канааттандырыш үчүн 82 МВт энергия керек. Эгерде энергия алмаштыруу болуп турса 72 МВт энергия керек болмок. Мына ушул 10 МВт энергиясына 22 млрд. доллар талап кылынат. Электр энергиясына талаптын көбөйүшү суунун тартыштыгын көбөйтүп, кээ бир аймактарда дээрлик 26%га чейин жетип жатат. Эмне өтө маанилүү суубу же электр энергиясыбы? Кыргызстан суунун башатында турса да электр энергиясына талап өтө зор болуп турат. Кыргызстан кыш мезгилинде Токтогул ГЭСине сууну толтуруп алууну көздөп жатат. Себеби, ал жерде суунун деңгээли түшүп кеткен. Бул болсо ылдый жакта Кыргызстандын суусун пайдаланып жатышкан Өзбекстан, Казакстанга чоң таасир берет, анткени алар да жайкы сугат үчүн суу топтоп алышы керек эле. Ошондуктан кошуна мамлекеттер келишимдерди түзүп, интеграциялык долбоорлор үстүндө иштеш керек.
Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таңсык боло турган таза сууга бай. Орусия президенти Владимир Путин болжоп айткандай: «2025-жылы Москвада 1 литр таза суунун баасы 1 литр бензинден эки эсе кымбат болсо», биздин мөңгүлөрүбүздө алтынга тете таза суунун кени жатат. Бүгүнкү күндө инвесторлор келсе, таза сууларыбыздан эле миллиардаган киреше түшмөк. Кыргызстандын президент Садыр Жапаров «суу маселеси боюнча «кошуна өлкөлөрдү да ойлошубуз керек» деген. Аны түшүнбөгөндөр да бар экен. Кошуналарга суу бербей эле кыштан чыксак болбойбу дегендер четтен чыкты. Жок, болбойт. Анткени кошуна өлкөлөр менен эриш-аркак иш кылбасак, жалгыз эле суубуз менен жашап кете албайбыз. Ошол эле кошуна өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен биз буудай, ун жана башка тамак-аштарды илгертен бери алып турабыз. Сатып да алабыз, гумжардам катары да алып келе жатабыз. Ошол суубузду бергенибиз үчүн алар бизге буудай менен унду грант түрүндө да берип келе жатат. Анткени, тилекке каршы, биз буудай, ун, газ, мунай менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз.
Мисалы, быйыл эле Казакстан 10 миң тонна унду грант түрүндө берди. Мындан тышкары, биз эки өлкө аркылуу транзит менен дүйнөлүк рынокко чыгабыз. Соода-сатык, карым-катнаштарыбыз дагы тыгыз байланышкан. Ошол үчүн чолок акылдык кылып, президент кошуналарды коюп, өз элин ойлосун дегендерге, мурдунун учунан алысты көрө албагандарга тиешелүү сөз. Президент өз элин ойлогон үчүн мурдакыларга окшоп электр энергиянын бир киловатт-саатын 5 сомдон албай, 2 сомдон алып жатканына рахмат айтышыбыз керек.
Кыргызстанда 200 чоң өзөн бар. Кыргызстан булардын 10%ын гана энергетикага колдонушат. Ошондуктан, мини-ГЭСтерди куруу боюнча албуут долбоорлор ишке кире баштады. Евразиялык өнүгүү банкы Кыргызстанда тиешелүү долбоорлорго көмөк көрсөтүүнү пландап жатат. Евразиялык өнүгүү банкы Борбор Азиядагы өзүнө тиешелүү акционер мамлекеттер үчүн 11 млрд доллар бөлгөнү жатат.
Орто-Токой суу сактагычы ушундай обьекттердин бири. Бул объектилерде Казакстанга жайкысын суу кое берилип жатат, бирок суунун көп бөлүгү жолдо жоготууга учурап жатат. Бул коңшу өлкөгө сууну агызып жаткандыгыбыз, же айрым дыйкандардын талааларына суу берилип жаткандыгы менен байланыштуу эмес. Чу дайрасынын нугундагы жогорку фильтрацияга байланыштуу суу ресурстарынын тартыштыгы көйгөйүн чече ала турган ондогон кубометр суулар жоготууга учурап жатат. Ошондуктан биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек.
Тактап айтканда, Орто-Токой суу сактагычынан секундуна 120 кубометр көлөмдөгү суу кое берилсе, анын 110 кубометри Чүй облусу үчүн каралган. Чыгыштагы Чоң Чүй каналынын башкы суу курулмасына болжол менен 80 куб метр суу жетет, 30 куб метр суу фильтрацияга кетет. Бул суунун толтурулгус жоготуусу.
Учурда Чүй өрөөнүнүн сугат тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү маанилүү. Кеп түштүк Чоң Чүй каналын куруу тууралуу жүрүүдө. Ал үчүн биринчи кезекте Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек. Ошондо суунун жоготуусу орун албайт.
Жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча курулуш иштерин баштоо зарыл. Орто-Токой суу сактагычында көрүнүп тургандай, чындыгында суу аз. Суунун деңгээли төмөндөдү, Чүй облусунда сугат суунун жетишсиздигинен улам Орто-Токой суу сактагычынан суу алынып жатат. Бул аргасыз чара болууда, кырдаал жөнгө салынары менен суу сактагычтан сууну кое берүү көлөмү кыскартылат. Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу негизинен айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуудан көз каранды. Эгерде сугат каналдары тазаланбаса жана оңдолбосо, сууну кое берүүнүн натыйжасы төмөн болот. Суу талааларга жетпей калат. Бул маселе жылдан жылга курчуй берет. Сууга байланыштуу маселерди чечүү үчүн сууга болгон тарифтерди кароо, жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилиги сыяктуу комплекстүү мамиле керектелет. Эгерде бул ассоциациялар айыл өкмөтүнүн балансында болсо, анда каражаттар жергиликтүү казнага түшүп, дыйкандар жергилктүү бийликтен тийиштүү суунун көлөмүн талап кыла алат. Кайтарылган обьектинин аймагында жашаган Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кандай жашашат? Мындагы жашоо-шартты ыңгайлуу деп айтууга болбойт. Муну эске алуу менен суу сактагычтын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселесин кароо зарыл.
Орто-Токой суу сактагычы жылына 470 млн куб суу жыйнайт. Суу сактагыч аркылуу Чүй облусунун 220 миң га жери сугат суу менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө суунун жетишсиздигине байланыштуу сууну кое берүү көлөмү жогорку белгини – 120 кубду тузүүдө, өткөн жылы бул көлөм 90-100 кубду түзгөн.
Дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жатканына ким күнөөлүү? АКШнын вице-президенти Камала Харрис быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштарын эскертти. Жайында дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди. Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.
Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн. Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.
"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.
Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты. "Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.
Сугат сууга тийиштүү абал оор. Аны ыкчам чечүү маанилүү. Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергиси тийди. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек. Бул кыргыз дарыяларына тоодон куйган булактардын азайышынан келип чыгууда. Ошондуктан сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербестен жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздалып жатат. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе.
Азыркы тапта эгин талаасына суу жетпей жатышынын бирден-бир себеби — мөңгүлөр эрибей жатат. Июль айында күн салкындагандыктан мөңгүлөр эрибей калды. Мисалы: Аламүдүн дарыясынын суу топтоочу жерине жай мезгилинде секундасына 9 куб метр суу агып кирип турса дыйкандарга кенен жетмек. Бирок азыр 2,4 куб метрге чейин түшүп кеткен. Мурун жакшы эле келип жаткан, күн салкындагандан кийин мөңгүлөр эрибей суу кайра азая түштү. Негизи эле быйыл суу тартыш, кышта тоолорго кар аз түшүп, жамгыр да жаабай жатат.
Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет. Быйыл суу орточо нормадан 2,5 эсеге аз экенин билдирди. Ал жерде Аламүдүндүн Байтик айыл өкмөтүнөн келген дыйкандарды дагы кезиктирдик. Суу жетпей жатканына тынчсызданып, дагы 15 күн турса бир жылдык мээнети текке кетиши мүмкүндүгүн айтышты. Ансыз да азык-түлүк жана тоюттун баасы кымбаттап жатканда мындай чыгым чоң сокку болору айтылып жатат.
Жыл сайын эле 1-июлдан тарта мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйөт. Андыктан, дарыялар куурап калышы мүмкүн деген божомол туура эмес. Өкмөт райондордогу сугат сууга байланыштуу абал менен жеринде таанышып келген. Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда. Долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизип жатат.
Суу чарбасынын Чүй мамлекеттик башкармалыгы тарабынан мерчем боюнча 1157,7 млн м3 суу бериле турган болсо, иш жүзүндө 968.1 млн м3 суу берилген, же план 84%га аткарылган. Себилген аянттын 78% на суу талап кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген, башкача айтканда бардык аянттын үчтөн экисинен көбүн түзүп тургандыгын эске ала турган болсок суу берүүнүн көлөмү 189,6 млн м3 аткарылбай калган. Айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануунун негизги фактору болуп сугат иштери эсептелинээрин, өзгөчө тамчылатып сугаруу тажрыйбасын жайылтуунун зарылдыгын туюп, ушул иштерге катуу көңүл буруп келатат. Сууну туура колдоно турган болсок дан эгиндеринен көбүрөөк пайда табарыбыз белгилүү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg