www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону баары беришет. Мындан көп жылдар илгери эле белгилүү экстрасенстер жана астрологдор жооп берүүгө аракет кылышкан.

Булардын ичинен эң эле белгилүүсү Нострадамус деген ат менен таанылган Мишель де Нотрдам 2022-жылга карата да өз божомолун айткан. Болгариялык "Факти" басылмасы анын бул айткандарын атайын изилдеп чыкканы маалым. Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер билгендерин латын, италия, грек жана эски француз тилдерин аралаштырып, атайын белгилер менен жазып кеткен. Анын бардыгы "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" аттуу китепте төрт муундуу уйкаштыктар (катрен) аркылуу берилет.

Болгар басылмасынын маалыматы боюнча, Нострадамус 2022-жылы Түштүк жана Түндүк Корея биригип, натыйжада КЭДРдин азыркы лидери Ким Чен Ын тактан кулап, куугунтукка кабылганда Россиядан жардам сураарын айткан. Анын үй-бүлөсү Түндүк Кореяны 65 жылдан бери башкарып келет. Ким Чен Ын 2011-жылы 17-декабрда атасы өлгөндөн кийин тактыга отурган.

Мындан тышкары, келе жаткан жылы космоско учууга кенен мүмкүнчүлүктөр ачыларын жана көптөгөн өлкөлөр күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн билдирген.

Нострадамустун айткандарын андан ары карап отурсак, 2022-жылы АКШнын бийлиги өлкөнү мурункудай башкара албай, иш билгилиги төмөндөй турганын белгилейт. Бул анын саясий аренада алсыздашына алып келмекчи.

Көзү ачыктын Россия менен Украинанын мамилеси тууралуу айткандарына таянсак, ушул жылы бул эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине жол ача турган жылуу мамиле орнойт.

Ошондой эле жаратылыш ресурстарынын азайышынан улам айрым мамлекеттер ортосунда куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөр бомбалоодон жабыркай турганын боолгологон. Анын келечекке болгон айткандарында Кытай да айтылат. Бул өлкөнүн саясаты дүйнөлүк экономикалык тең салмактуулукту түзүүгө көбүрөөк багытталат жана юань жаңы дүйнөлүк валюта болуп калышы ыктымал.

Ал эми Италия каржылык көйгөйгө кептелип, андан улам өлкөдө жумушсуздук өсүп, Европанын кризистик аймагына айланары жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости