www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы мамлекет башчынын куттуктоосунун текстин жарыялады:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон «Манас» эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы «Манас» дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет.

Чынында эле, ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да тегин жерден эмес.

Элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү саналган «Манас» эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда. Ал көптөгөн мамлекеттердин окумуштууларынын изилдөө объектисине айланып, жалпы адамзаттык маданияттын казынасына кирди.

Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда «акылын азык, каруусун казык» кылып, мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этемин.

Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу «Кыргыз мамлекеттик «Манас театрынын» түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр «Манас» дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, «Манастын» ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. «Илиада» жана «Одиссея», «Рамаяна» жана «Махабхарата» сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин «Манас» дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу улуу «Манас» дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Манас бабабыздын арбагы ыраазы болуп, эркиндигибиздин туусу түбөлүк желбиресин!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости