www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 28 маселени талкуулашат. Бул тууралуу ЕЭК башчысынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Минск — Бишкек — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
Анын айтымында, видеоконференция 11-декабрга пландалган.
"Алгач биз Беларусь тараптын сунушу менен жыйынды реалдуу форматта уюштуруп, аны менен катар Биринчи евразиялык экономикалык форумун өткөрүп коёлу деп көздөп жатканбыз. Бирок буга мүмкүндүк болгон жок", — деди Малкина.
Жыйында өлкө башчылары 2025-жылга чейинки стратегиялык долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгышы зарыл.
"Бизде бир гана суроо калып жатат. Бул — газды жеткирүү кызматынын тарифин карап чыгуу. Азыр өлкө лидерлери бир чечимге келип, стратегиялык маселелерди аягына чыгарат деп ишенип жатабыз", — деди ал.
Ошондой эле тараптар Өзбекстан менен Кубага ЕАЭБде байкоочу макамын берүү жана уюмдун 2021-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн багыты каралары айтылат.
Мындан тышкары, жыл аягында салтка айланып калгандай келерки жылдын бюджети каралмакчы.
"Тараптар бирикменин алкагында жалпы газ рыногун ачуунун экинчи этабына өтөт. Ошондой эле биримдикке мүчө өлкөлөрдүн нефть тармагы боюнча мыйзамдарын бир иретке келтирүү маселеси каралат", — деди жардамчы.
Дагы бир катар маанилүү маселелер каралары кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg