www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2024-жылдын алгачкы эки айында 6,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.

Ага ылайык, өсүш биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалды. Алсак, Арменияда 28,9 пайыз, Беларуста 7,1 пайыз, Россияда 6,6 пайыз, Казакстанда 4,6 пайыз жана Кыргызстанда 7,8 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБде тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 1,5 пайыз, кайра иштетүү өнөр жайында 10,4 пайыз, электр менен камсыздоо, газ, буу жана кондициялоо 5,7 пайыз, суу менен камсыздоо, саркынды суу, таштандыларды чогултууну көзөмөлдөө жана бөлүштүрүү тармагында өндүрүштүн көлөмү 4,6 пайызга өскөн", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле көрсөткүчтөр өткөн жылдын январь-февраль айлары менен салыштырылганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости