www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия лидери Владимир Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушууда РФтин Украинанын энергообъектилерине жасаган чабуулдарын демилитаризация деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Энергетикага боюнча чабуулдар да биздин алдыбызга койгон милдеттердин бирин чечүүгө байланыштуу, бул демилитаризация", — деп белгилеген ал.
Президенттин айтымында, мындай жол Украинанын коргонуу өнөр жай комплексине түздөн-түз таасир этет.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жарандык объектилерине жасаган соккусуна жооп кылып россиялык аскерлер өлкөнүн энергетика, коргонуу өнөр жайы, аскердик башкаруу жана байланыш тармагынын инфраструктураларына чабуул жасап келет. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков армия эл жашаган үйлөр менен социалдык объектилерди бутага албастыгын айткан.
Булак: NazarNews.kg