www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү (Doing Business) жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси (The Global Competitiveness Index) рейтингдеринде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жөнүндө маселе каралып жатканда билдирди.

«Аткаминерлердин даярдыгы жок. алар облустардын бюджетин, кайсынысы дотацияда отурганын так билишпейт, жер-жерлердеги калктын абалынан кабары жок. Экономика жаатында иш алпарылбай калды. ЕАЭБге кошуларда экспортту 250 млн долларга жеткиребиз дегенсиӊер, ал азыркыга чейин аткарылган жок. Тоо-кен тармагын колго алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөйт. Алтынды тышка ташып чыгып кетишүүдө. Кен иштете тургандарды өрттөп, камалап жатышат, анан кантип инвесторлор келет, анан кантип иш жылат», - деп жыйынтыктады өз сөзүн фракция башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости