www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкекке келебей турган болду. Бул тууралууу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара видео байланыш түрүндө уюштурулат.
"Саммит кадимкидей эле өтөт деп даярданып жатканбыз. Бирок бир нече күн мурда мамлекет башчыларынын форумга видеоконференция аркылуу катыша турганы чечилди", — деп билдирди Мясникович.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы.
Буга чейин КРнын Ички иштер министрлиги форумга карата 23-майдан тартып ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын жарыялаган болчу.
Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отуруму Бишкекте 27-майда өтөрү кабарланган.
26-майда борбор калаада Евразиялык экономикалык форум болот.
Булак: NazarNews.kg