www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча докладында климаттык катастрофа жакындап калганы даана көрсөтүлгөн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.
"Дүйнөлүк энергетикалык система бузулду. Бул бизди климаттык кыйроого жакындатып жатат", — деген Гутерриш.
Ал деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, океандагы температуранын жана кычкылдуулуктун жогорулашы боюнча 2021-жылы катталган рекорддук көрсөткүчтөрдү белгиледи.
Мындан улам БУУнун башкы катчысы энергетика системасындагы өзгөрүүнү тездетүү чараларын сунуштаган. Ал планета үчүн зыяны жок шамал менен күндүн энергиясы жеткиликтүү экенин эскерткен.
Гутерриш мамлекеттерди күн жана шамал энергетикасы тармагындагы долбоорлорду эртерээк бекитүүгө үндөп, электр түйүндөрүн модернизациялап, отун ресурстардын казып алынышын колдоону токтотууга чакырган.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Максим Орешкин 2022-жылдын соңу глобалдуу ачарчылыктын башталышы болушу мүмкүн экенин болжогон.
Ал эми Кытай Батыш эмне үчүн "буудай согушу" тууралуу ушак таратып жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg