www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто студенттердин экзамендерин бүтүрүп берүүнү убадалап, 60 миң сомдон ашык акчаларын алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жарандын үстүнөн медициналык колледждин 23 студентинен арыз түшкөн.
Алар арызында ушул окуу жайдын "А" аттуу студентине 1 700 сомдон 3 800 сомго чейин акча каражаттарын "сессияда экзамен-модульдарыӊарды бүтүрүп беремин" дегени үчүн беришип, бирок ал айтканын аткарбай, алдап кеткендигин билдиришкен. Жалпы келтирилген чыгым 60 миӊден ашкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын аталган окуу жайдын студенти, 2001-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган.
Учурда жарандын үстүнөн алдамчылык беренеси боюнча тергөө иштери башталды. Ал өзү жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үйүнө кое берилген.
Булак: NazarNews.kg