www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги (ЕБ) Казакстанда 5-июнда өткөн референдум боюнча билдирүү жасап, өлкөнүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарын аткаруусу маанилүү экенин белгиледи.

"ЕБ президент Токаев 16-мартта демилгелеген саясий реформаларды, анын ичинде кандуу январь окуяларынан кийин башталган социалдык-экономикалык реформаларды кубаттайт. Мындан тышкары биз референдум өткөрүп, ага көз салууга ЕККУнун байкоочуларын чакыруу чечимин да колдойбуз. Казакстан үчүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун бардык сунуштарын аткаруу өтө маанилүү болот", – деп жазылган уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Казакстанда 2021-жылы январда өткөн парламенттик шайлоодон кийин ЕБдин өкүлдөрү ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун көптөн бери айтылып келаткан сунуштарынын көбү көңүл сыртында калганын, жарандарда "чыныгы тандоо укугу" болбогонун, добуш берүүдөгү ачыктык камсыздалбаганын, айрым жергиликтүү көз карандысыз байкоочулардын иштөөсүнө тоскоолдуктар болгонун белгилеген.

Казакстандагы референдумга көз салуу үчүн келген ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясы 9-июнда аяктай турганы кабарланган. Миссиянын өкүлдөрү референдум боюнча анализдер менен сунуштар бери дегенде эле эки айдан кийин жарыялана турганын айтышкан.

7-июнда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, добуш берүүгө Казакстандагы жалпы шайлоочулардын 68,06 пайызы катышып, алардын 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдогон.

5-июндагы референдум учурунда көз карандысыз байкоочулар түрдүү мыйзам бузуулар болгонун кабарлашкан. Референдумдан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев "Добуш берүү демократиянын талаптарына шайкеш өттү. Эч кандай мажбурлоо болгон жок" деп айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости