www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Мариуполдо өлгөн 210 аскердин сөөгүн алды, алардын көбү – "Азовсталь" комбинатын коргогондор. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы билдирди.

Орус тарап бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Өткөн аптанын аягында Украина Орусия менен өлгөн аскерлердин сөөгүн алмашуу жараяны башталарын жарыялаган. 7-июнда "Азов" полкунун өкүлү Анна Головко 2-июнда Орусия менен Украина Запорожье облусундагы согуш линиясында 160 сөөк алмашканын ырастаган. Кеминде 52 сөөк "Азов" полкунун жоокерлерине таандык. Киевде сөөктөрдү ДНК аркылуу аныктоо жараяны башталды.

Майдын ортосунда Мариуполдо "Азовсталь" заводун коргогон аскерлер, анын ичинде "Азов" полкунун жоокерлери да багынып бере баштаган.

Кече Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен "Азовсталда" багынып берген миңден ашуун украин аскери менен орусиялык тергөөчүлөр иш алып барып жатканын кабарлаган.

Бул маалыматты башка булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Орусия тараптын ырасташынча, бардыгы болуп 2,5 миңдей украин аскери туткунга түшкөн. Алардын көбү башынан эле орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы тергөө колонияларына жеткирилген.

Украинанын президенти Киев аларды үйлөрүнө кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшай турганын айтып келет. Орусия тарап алмашуу тууралуу кеп кылбайт жана аларын үстүнөн сот жараяны башталашы мүмкүн экенин да четке какпайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости