www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин эң жогорку соттук инстанциясы болгон Европа соту миллиардер Алишер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруудан баш тартты.

Бул тууралуу Reuters жана Bloomberg агенттиги жазып чыгышты.

Усманов Евробиримдиктин санкциялык тизмесине 2022-жылдын мартында, Орусия Украинага кеңири масштабда басып киргенден көп өтпөй киргизилген. Чечим Усмановдун Орусия президенти Владимир Путин менен “өзгөчө тыгыз байланышы” жана “Украинаны туруксуздаштырууну активдүү колдогону” менен негизделген. Бизнесмен бул дооматтарды четке каккан. Ал тизмеге өзүнүн ири байлыгы үчүн гана киргенин ырастап, Путин менен өзгөчө байланышы бар экенин четке каккан.

Мурдараак Гамбург соту америкалык Forbes журналына орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун орус президенти Владимир Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салган. Усмановдун адвокаттары Европа биримдиги (ЕБ) миллиардерге санкция салганда Forbes журналынын 2022-жылы жарыяланган макаласындагы ырасталбаган билдирүүлөргө шилтеме кылганын белгилешкен. Алардын айтымында, кеп "Украинага байланыштуу Байдендин санкциясына кабылышы мүмкүн болгон Путиндин олигархтары менен таанышып алыңыздар" деген макаладагы анонимдүү эксперттин "Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес-көйгөйлөрүн чечкен" деген сөздөрү жөнүндө болууда.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов дүйнөдөгү бай адамдардын бири. Кезинде Forbes журналы анын байлыгын 14,4 миллиард долларга баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости