www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар төлөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен барган учурда билдирди.
Анын айтымында, акыркы 3 жылда өлкөнүн консолидацияланган бюджети 329,2 млрд сомго өстү. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы профицит 13,5 млрд сомду түздү.
"Мындай профицит биздин тарыхыбыздагы эң чоң сумма. Келерки жылы 600 миллиард сомдон ашык бюджетке жетишүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн мамлекет айына 58 млрд сом, күнүнө 1,9 млрд сом, саатына 80 млн сом киреше алышы керек. Биз тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусунда турабыз.
Ири суммалар 2030-жылга чейин төлөнөт: 2023-жылы - 344 млн, 2024-жылы - 400 млн, 2025-жылы - 430 млн, 2026-жылы - 390 млн доллар. Биз баарыбыз "Кыргызстан" деген бир кайыктабыз, андыктан ар бир адамдын эмгеги, салымы керек. Биз бир команда болуп иштешибиз керек", - деди Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg