www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африкада жайылып жаткан Эбола вирусунун Бундибугио штаммына каршы вакцинанын алгачкы клиникалык сыноолору башталды. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.

Маалыматка ылайык, сыноонун биринчи этабына 50 дени сак адам катышат. Адистер вакцинанын коопсуздугун жана адам организминдеги иммундук жоопту текшеришет.

Индиянын сыворотка институту вакцинанын 620 миңге жакын дозасын даярдап койгон. Эгер препарат натыйжалуу деп табылса, аны өзгөчө кырдаалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Адистердин айтымында, вакцина учурдагы Эбола эпидемиясынын жүрүшүн өзгөртпөшү мүмкүн, бирок келечектеги эпидемияларга каршы күрөшүүгө жардам бере турган маанилүү каражат болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 17-майда Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада катталган Эбола вирусунун жайылышын саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Последние новости