www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында 15–18-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы +38…+40°Сге чейин жогорулайт.
Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында +41…+43°Сге чейин жетиши мүмкүн.
Адистер мындай ысыкта күндүн түз тийген нурларынан алыс болууну, сууну жетиштүү ичип, ысык уруудан сактанууну сунуштайт.
Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз сугаруу зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрү белгиленди.