www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Норильск шаарында беш айлык наристенин ачкачылыктан каза болушу боюнча эненин иши боюнча тергөө аяктап, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.
Тергөө маалыматына ылайык, 35 жаштагы аял төрт баласын узак убакытка тамак-ашсыз жана кароосуз калтырган.
Натыйжада беш айлык уулу катуу арыктап, каза болгон. Ал эми эки кичинекей кызы өз убагында көрсөтүлгөн медициналык жардамдын аркасында аман калган.
Ошондой эле тергөөдө кичүү балдарды кароо милдети 15 жаштагы улуу кызына жүктөлгөнү аныкталган.
Мындан тышкары, үй-бүлө боюнча мурда түшкөн кайрылууларга карата чара көрүлгөн-көрүлбөгөнү боюнча камкордук органдарынын аракеттерине да укуктук баа берилүүдө.
Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган жок. Ал жашы жете элек баланы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген берене боюнча айыпталууда.
Бул берене боюнча ага 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Учурда эки кичүү кыз балдар үйүндө тарбияланууда, ал эми улуу кызы чоң энесинин колунда жашап жатат.