www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, маркум Качкынбай Артыкбаев ишеним артып, илимде канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай, бөпөлөп өстүргөн шакирттеринин бири Назгүл Турдубаева болгон. Кесиптештеринин айтымында, Турдубаева анча деле жакшы окуган студент болбоптур. Башка сабактар эмес, «Кыр-гыз адабиятынын тарыхынан» берген Муктар Сатыбековдон сынактан өтө албай, ортого киши салып, баа алганын айтып жүрүшөт.
Ошондон кийин кадыры өткөн, сакадай бою сары алтын профессор агай Н.Турдубаеваны К.Артыкбаевге дайындаганы эмгек жамаатына белгилүү. Убадага бек, сөздү жерге таштабаган Качыке жаш кызды ишке алып, саат тартыш болгон жылдары «Назгүлдүкү көбөйсүн» деп өзүнүн саатынан кыскартып болсо да анын окуу жүгүн бир жарым ставкага чыгарып, анан калса, «самсып, батирлеп көчүп кыйналбасын» деп жатакана алганга жардамдашып, ага атасындай эле камкордук көрүп жардам бериптир. Эми ошол ишенген шакирти К.Артыкбаев дүйнөдөн өткөндөн кийин өзүнөн-өзү агайга душмандык кылып, көзүнүн тирүүсүндө да, өлгөндөн кийин да ага асылганын койбой, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп, мазактап, кордоп жүргөн Кадыркул Даутовго кошулуп, анын сөзүн сүйлөп, кожосундай көрүп, ага жандили менен берилген күйөрманы болуптур. Кесиптештери «Назгүл Кудай, арбактан коркпойт экен го» деп жакаларын кармашууда. Башкасын айтпаганда да илимге жетелеп келип, Н.Турдубаеванын илимдин кандидаты болушуна профессор К. Артыкбаевдин эмгеги зор болгон. Анткени, котормонун теориясы боюнча адистердин айтымында, өзбек, уйгур, түрк, казак тилдерине которулган Ж.Баласагындын «Кут алчу билим» чыгармасын салыштырып, изилдөө үчүн ал тилдердин грамматикасын, стилистикасын жана лексикасын терең билиши шарт экен. Ал эми каарманыбыз бул тилдерди оозеки деңгээлде дагы билбейт. «Аңдай болсо Н.Турдубаева диссертациясын кантип жазган да, кантип коргогон?» деген маселе элди кызыктырууда.
Кыргыз филологиясы факультетинин окумуштуулар кеңешинде Н.Турдубаеваны ОМКнын төрайымдыгына декан Б.Жайлообаев мыйзамсыз дайындаганы талкууланган. Себеби, ОМК мүчөлөрү Н.Сыдыков, И.Султаналиев, С.Исаева, Н.Тыныстанова, Н.Осмоновалар аны шайлаган эмес. Ошонун эсесин чыгарайын дегениби, айтор, Н.Турдубаева «факультетге ачык сабактар өтүлбөй, окутуучулар лекция, практикалык сабактарды начар өтүп жатышат» деп доомат койгон. Кафедра башчылары А.Садыков, К.Абакиров, Б.Байсабаев, Э.Акуновдор ачык сабактар жигердүү өтүлүп жатканын, билим берүүнүн сапатын өздөрү тыкыр көзөмөлдөп жатышканын айтышкан. Бир гана Г.Абдрасакова тил илими кафедрасында ачык сабактар өтүлбөй, кагаз жүзүңдө калганын мойнуна алган. Ошондо Н.Турдубаева «сентябрдан тартып факультеттеги лекция, практикалык сабактарды өзүм текшерип, көзөмөлгө алам» деп күүлөнгөн. Ошону менен бирге ал «орусча жазганды үйрөнөм» деп А.Розентальдын китептерин издеп жүргөнү каңкууланууда. Иши кылып, «Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур» дегендей эле кап!
Булак: “Азия Ньюс”