www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы саясатыбыз дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен бирдей. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

- Тышкы саясатта багытыбыз кандай болууда? Айтайын дегеним, акыркы маалыматтарга караганда Америка тарап менен мамилени өтө жандандыруу жүрүп жаткандай. Жаңы келишимге кол коюлганы жатабы?

- Тышкы саясатыбыз дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен бирдей. Биз чакан өлкө болгондон кийин бардык өлкөлөр менен сый мамиледе болушубуз керек. Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз. Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер дүйнөлүк саясаттан сүйлөп, акыл үйрөтүп баштаганда күлкүң келет. Биз соода-сатык жана экономикабызды чыңдашыбыз керек.

Кыргызда “Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз тышкы карызыбыздан кутулуунун, экономикабызды көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Ошол үчүн бир эле Америка эмес, бардык өлкөлөр менен экономикалык келишимдерге кол коюшубуз керек.

— Бул Украинадагы окуяларга байланышы барбы?

Эч кандай байланышы жок. Саясатташтырбагыла.

— Батыш өлкөлөрү Украина маселесинде нейтралдуу болуу мүмкүн эместигин, нейтралдуу болобуз дегендер дагы санкцияларга кабыларын эскертти эле. Бул маселеде позицияларыбыз өзгөрөбү?

Нейтралдуу болуш мүмкүн эмес деп батыш өлкөлөрү эле эмес, ак же кара болгула деп башкалары деле айтып атышат. Эң сонун эле мүмкүн. Украин, беларус, орустар кыргыз, казак, өзбектер сыяктуу эле тилдери окшош, дилдери да окшош бир тууган эл болушат. Качандыр бир убакта баары бир тил табышып алышат.

Андан сырткары, биз эки тарап менен тең СССР деген мамлекетте 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашап келгенбиз. Бир нанды тең бөлүп жегенбиз дегендей.

Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо, жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти.

Эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы.

Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса, согуш болмок эмес. Минск келишимине Орусия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен.

Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости