www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Эдил мырза, сиз Европада болуп өткөн шайлоолорго байкоочу катары барып жүргөнсүз. Ал жакта шайлоолорго катышкан премьер-министрлер кызматын тапшырып кетишеби же бул ыкма бизде гана барбы?

— Президентикке талапкер болгон премьер-министр мыйзам боюнча каттодон өткөндөн кийин гана жумушун ташташы керек. Шайлоо күнү 15-октябрга дайындалса, бул болжолу менен 1-сентябрда кетиши керек деген сөз. Дегеле ушундай мыйзам жалгыз эле кыргызда бар. Дүйнө жүзүндө премьер-министр болуп туруп шайлоого катышса болот. Биздикилер кызматтык абалдан пайдаланбасын деген ой менен киргизген. Бирок, бул баары бир демократиянын табиятын түшүнбөгөндүктөн болуп жатат. Шайлоо — ​бул спорт оюну же илимий эксперимент эмес. Шарт ар кандай болот талапкерлерде. Эми кандай болбосун, мыйзам ушундай экен. Азыр болсо Жээнбековдун талапкерлиги аныктала элек заматта эле, кызматтан "кетсин" деген талаптар айтыла баштады. Бул туура эмес деген ойдомун. Мыйзам боюнча ал 1-сентябрда гана кетүүгө милдеттүү. Эми эң күлкүлүүсү аны КСДПчылар өздөрү кетиришсе. Бул жөн эле анекдот болот. Бирок, биз ага эч кандай таң калбайбыз. Анткени булардын башы иштегенде, келечек президентти 2015-жылы тизмеге биринчи коюп, андан кийин премьер-министр кылып дайындап, баардыгыбызды көндүрүп коюшмак. Андай болгон жок. Орто жерде Темир Сариевди премьер кылышып, Чыныбай Турсунбековду тизме башчысы кылганга үлгүрүштү. Азыр деле толук кандуу Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтүлгөн жоктой сезилип турат. Болбосо мурдагы ишемби күнү Дональд Трамп менен Эр-Рияддагы жолугушууга Жээнбековду катыштырышмак. Ошол жерде ал киши Сауд королу менен саламдашып, Назарбаев менен Мирзиёевдин жанында катарлаш жүрмөк. Бирок, биз башынан эле айтып келгендей, аны Атамбаев эч качан эч кимге ыраа көрбөйт. Мурунку соцфонд директору Абулгазиевди жөнөтүштү. Анын футболкасы менен самолёттон түшкөнүн баардык дүйнөлүк телеканалдар көрсөтүштү. 55 мамлекет катышса ошонун баардыгы падыша, султан, президент жана премьер-министр болду. Биз дагы шүгүр кылышыбыз керек, Ак үйдөгүлөр ал жакка Панкратовду жөнөтпөгөнүнө.

— Президенттин эч кандай программасы жок деп айтып келдиңиз эле, мына 2040-жылга чейинки “Таза коом” деген программаны айтып чыгып койбодубу?

— “Таза коом” деген бул кезектеги «соска-пустышка» деп коёт. Башынан эле сордуруп келишти го элди алдап. Башында "туруктуу өнүгүү" планын кабыл алсак эле өнүгөбүз" дешти, анан "ЕАЭСке кире калсак эле гүлдөйбүз" деп жар салышты, анан "Конституцияга өзгөртүү киргизсек, реформалар жүрүп, "рай для бизнеса" болот" деп алдашты. Эми мына "Таза коом" деп сайрап атышат. Мунун баарын рекламалабай эле эчактан ишке киргизилчү идеялар. Булар болсо НПОдон бешбетер "мындай кылсак жакшы болот" деп эле күнүгө куру сөз жана презентация өткөзүшүүдө. Эл "эмне жети жылдан бери эшек такалап жаттыңар?",- деген суроо бербей да калды. Бийлик азыр жаш балдардын эле оюнчугу болуп калды. Алар өзүнчө, эл өзүнчө. Эми чет өлкөлүктөрдөн грант сурагандарычы. Уят эле го, өздөрү кандай уялышпайт? ЮСАИД деген 60 миллион доллар жардам берип аткан уюмду денонсация кылып кетеришти. Жакында ОБСЕнин борборун жабышты. Мен калганын айтпай эле коёюн, миң доллардан ашык айлык алган мекендештер жумушсуз калды. Жакында эле "биз тизеден турдук, өзүбүзгө-өзүбүз кожоюн" деп кекилдеген Атамбаевдин аппараты эми НПОдон бешбетер "бизге акча бергиле" деп эл аралык уюмдарды торуп жүрүшөт. "Стратегия –2040" деп жазып атышпайбы, ошону кимдин акчасына жана кимдин эксперттери жазып атат деп сурасаңар? Баардыгы БУУ менен Соростун акчасына болуп жатат. Анан эмнеге аларды булар ушунча жаман көрсөтүшүп, жети жылдан бери урушуп келди десеңиздер?! Эки жүздүүлүктүн дагы чеги болот да, туугандар! Жөн эле түз жерден булар “скандал” чыгарышып, бүт дүйнө жүзү менен урушуп, баардыгына жаман көрүнүшүп, убакыт ошону менен өттү. Мына, 10 жылдан бери биздин аэропорт кара тизмеге киргизилген. Түз рейс бизден Европага каттабайт. Ушул проблеманы Тажикстан чечип койду го. Афганистан менен чектеш тажиктер азыр түздөн-түз каттап атат Европага. Атамбаевдин колунан бул проблема да келген жок. Эми азыр "Таза коом" деп атышканычы? Ал жердеги бүт суроолор баягында эле биометрика талкууланып атканда эле айтылбады беле? Анан эмне ал "реформа" токтоп калды? Эмне себептен Тайырбек Сарпашевди кетирдиңер? Ошонун атагы чыкпасын, ал силерге тоскоол кылбасын деп, ага кылмыш ишин да ачып койдуңарбы? Канча жылдан бери талкууланып келген "Коопсуз шаар" деген долбоорду дагы киргизе алышкан жок. Мен алыс барбай эле коёюн, бул долбоор Душанбеде эчактан бери иштеп атат. Туугандар, Душанбеде! Булар болсо курулай эле "биз кыйынбыз" деген сөздөн башка эчтекени билишпейт. Эми бийликтин мөөнөтү бүткөндөн кийин иштерин жыйыштыргандын ордуна, "бизден акылдуу жок, мен кетсем, силерди кимге калтырам" дегенсип, 2040-жылга чейин план жазып кетет имиш. Эми бул күлкүлүү эле окуя. Кайран шордуу элибиз ушуларга чыдаган! Эми, буюрса, аз калды. 140 күндөн кийин шайлоо болот экен.

Бетти даярдаган Орозбек Тагаев

Булак: “Жаңы ОРДО”

 

Последние новости