www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Эдил мырза, Өмүрбек Текебаевдин кезектеги сот отуруму башталганы турат. Чыгабы же жылабы?  

--Бийликтин максаты Текебаевди жөн эле камап коюу эмес, жок кылуу. Тагыраак айтканда, Атамбаевдин максаты - Текебаевди толугу менен саясатчы катары кайра туралбас кылып жыгып, жок кылуу, элге жек көрсөтүү. “Мен өзүм кетпейм, бир канчасын өзүм менен кошо алып кетем” деп Атамбаевдин айткан сөзүнүн төркүнү ушул. Атамбаев отставкага кетип, Текебаев болсо мамлекеттик ишмер болуп жүрсө, кандай болуп калат? Өмүрбек Чиркешович жөн жүрбөй Атамбаевдин кылган иштерин дагы ачыктап чыгып, мамлекетке келтирген зыяндыгы боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн куугунтук уюштурсачы?.. Президенттин эң корккону ушул.

Депутат Текебаевдин кармалышы боюнча башынан эле мыйзам бузулганын айтып эле жатабыз жана дагы эле айта беребиз. Аны бандиттен беш бетер аэропортко конгон жеринен, анда да иш сапарынан келаткан жеринен кармалып кетиши - бул болуп көрбөгөндөй одоно мыйзам бузгандык. Мыйзамсыз кармалып, камалышын башында ким турары билинип эле жатпайбы. Атамбаев муну былтыр эле ачыктаган. Ал: “Кимди кандай соттошту өзүм чечип атам” деп айтпады беле.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости