www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен байланышып, Албек Ибраимов жана иши кыскарды деп көп талкууга жем таштаган Молдомуса Конгантиев тууралуу суроолорубузга жооп алдык.
– Эдил мырза, Албек Ибраимов ишиндеги кетирген катачылыгы үчүн кызматынан алындыбы же Атамбаевдин кадры болгон үчүн мэрликти таштап кетүүгө аргасыз болдубу?
– Мурунку президенттердин – үйбүлө-кландык башкаруу учурунда мамлекеттик бийлик президенттин аялы, балдары, бир туугандарына бөлүштүрүлүп, энчиленип берилсе, Атамбаев бийликти шоопурларына, жылкычы-весовщик, жансакчылары жана секретарша-бухгалтершаларына энчилеп койгон. Бул эч кандай айырмасы жок табиятында. Ошол эле мурунку система, бийликти узурпациялашкан, саясий террор менен бүт оппозицияны жок кылышкан дагы, өздөрү мамлекетти кадимкидей басып, өтүктөрүн илишкенине биз мына жакында эле күбө болбодукпу. Албек Ибраимов – Атамбаевдин эң жакын адамдарынан бири. Ал ошол “Манас” аэропортун же шаарды башкарууга өз даражасы менен жетмек эмес. Аны биз билебиз. Бирок, Албек өзү таптаза иштесе, аны эч ким “Атамбаевдин жакын адамысың” деп, жен жерден асылмак эмес. Андайлар иштеп эле атышпайбы. Же болбосо, мына июль болду, Ибраимовго ушул убакытка чейин, бир канча кылмыш иши козголгон күндө дагы, эч ким тийген жок эле го. Бул өзүнүн былыктары, мисалы ошол эле жер тилкелери боюнча, башкаларын айтпаганда, чыгып, ташып, батпай калганда эле иштен бир добуштан айдалып атат шаардык кеңеш тарабынан. Мына канча күн өттү, өкмөт деле аны жумуштан ала элек. УКМКсы деле камакка эмес, издөөгө жарыялаган жокпуз деп атышат. Эмнеси болсо дагы, элдик жеңиш менен келип, мамлекетти жана башкалаабызды талкалагандар, өздөрү эбегейсиз байыгандар жоопкерчиликке тартылып, катуу жазасын алышат деген үмүттөмүн. Уурулар буга чейин деле болуп келген. Ал жаңылык эмес. Бирок, мобулардын уурулугу жүз эсе жийиркеничтүү. Анткени, балдардын каны менен келишип, ошол антты бузушту. Бул кечирилгис чыккынчылык. Жазасы дагы жүз эсе катуу болуш керек.
– Эмне учун мэр болгондо кош колдоп колдогон депутаттардын баары бүгүн ага каршы чыга калышты?
– Шаардык кеңештин депутаттары көбүнчөсү өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп жүргөндүгү баарыбызга маалым. Ушунчалык коркок, кол алдындагы бакма балдардай. Буларга ишенүүгө болбойт. Эртен душман келип, талкаласа дагы, аны бир колдон кол чаап, чапан жаап, калпак кийгизип, колдоп беришээри анык. Эмне дейбиз эми? Аман болушсун.
– Албек Ибраимовду укук коргоо органдары кайсыл иштери үчүн жоопко тартса болот?
– Албек Ибраимовтун былыктары толтура. «Дастан», аэропорт, мэрияда. Баардык материалдар даяр. Мен бирок ушул азыркы УКМК жана АКС жетекчилигинин ишине ичим чыкпай турат. Мына колго түшкөн мурунку премьер-министрлерди жана мэрлерди жакшы тергей албай атышат, өздөрү да кыйналып, аларды да кыйнап. Чалажан кылып сое албай, мокок болуп атышат. Ошол эле көрүнүш мына ушул Ибраимов менен кайталанбаса экен. Буларды байкуш кылып көрсөтүп, саясий репрессиянын курмандыктары кылбай.
– Башына кыйын иш тушкенде кыргыз саясатчылары Кыргызстандан качып кеткен адаты бар эле. Ал да качып кеткен жокпу?
– Ал тоодо колго түшпөй, суракка келбей жүргөнү анык. Аны, менимче, УКМК калп эле “издөө жарыялаган жокпуз” деп сооротуп атышат бизди. Бирок, мына бир канча биздин мекендештер өз көздөрү менен Шереметьеводо сүрөттөрү илинип тургандарын көрүшүптүр. Албек жанагы шаардык кеңештин жыйынына дагы ошол камакка алынгандан коркуп келген жок. Чек арадан өтүп кеттиби же жокпу, мен билбейм. Ага, бирок, Атамбаев уруксат да берип, «качып кетсе, таң калбайм» деп дагы айтпадыбы. Бирок, албетте, Албек качып кеткен болсо, азыркы УКМК төрагасы менен Башпрокурор сөзсүз ошол замат отставкага кетиши керек. Бул кечирилгис катачылык болот. Биз кечирбейбиз, коомчулук эч качан аларга ишенбейт. Айтып коеюн, «мало не покажется».
– Осмонбек Артыкбаевдин ооруканага чыкканы бийлик тараптан жылуу жумшак мамиле болуп жатканын айгинелебейби?
– Осмонбек Артыкбаевге жана башкаларына ден-соолук каалайм. Сот кимди күнөлүү деп аныктаганга чейин, баары күнөөсүз. Ошондуктан кандайдыр бир шарт түзүлүп берилсе, менде каршылык жок.
– Эдил мырза, Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы турдуу талкууну жаратты. Бул маселе боюнча Бекназаров менен Отунбаева дагы өз пикирлерин бипдиришип, “кылмыш ишинин кыскарышы туура эмес болгон”дешти. Сиз кандай комментарий бересиз?
– Конгантиев сегиз жыл бою жоопкерчиликке тартылган эмес. Ага кандайдыр бир иш козголо турган болсо, эмнеге ошондо эч кандай аракет болгон жок. Эмне Бекназаровдор менен Мискенбаевдер азыр ойгондубу? Же өмүр бою Конгантиев «качан мага келишет?» деп жашашы керекпи? Бул акыйкаттыкка жатпайт. Бир жаңсыл кылыш керек болчу. Сегиз жылдын ичинде болгон жокпу, анда жанагыдай эле ишин кыскартып салуу – туура эле чечим болгон деген ойдомун. Мен ошол эле күндөрү Камбаралы агасына жолукканымда, чын жүрөктөн ал кишиге ден-соолук тилегем. Молдомуса Таласта өлүп калганда, тарых да башка нукка бурулуп кетмек… Бул киши, Кудай жалгап, тирүү калды. Ошого миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Бекназаров болсо азыр, түштөн кийин, муну саясат кылып, бир ызы-чуу чыгарып, ошондон улам баягы өзүнүн өчүп калган атын кайра жандаткысы келип атат. Ал го түшүнүктүү. Мен Роза Исаковнага таң калдым. Ал киши жалпы элдин аксакалы болуп, экс-президенттик функциясын так аткарса деген тилек. Бизди ынтымакка чакырып, жаратмандык ишин уласа. Эски ызы-чуу, уруштарды кайра-кайра козгобой, элибизди келечекке жетелесе туура болот эле.
-Нариман Түлеевдин үй мүлкүнө кайра асылуу башталды. Өткөн жумада анын мурунку аялы жашаган үйдү алып алуу аракети болду. Бул боюнча недейсиз?
-Нариман Түлеевди камакка алуунун өзү мыйзамсыз болгон десек болот. Анткени ал кезде ал Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Ошол Түлеевди камакка алуудан баардык парламенттик иммунитет жокко чыгарылып, аягы эмне менен бүткөнү бизге белгилуу. Бирок, болуптур, ал туура бы же туура эмеспи соттолду. Жазасын мойну менен тартты. Биздин эски кошунабыз Ташболот агай дагы өтүп кетти, апасынын да ден соолугу жабыркап, эрте кетти эжебиз. Түлеев болсо практически от звонка до звонка отурганы аз келгенсип, 60 миллион сомду да которуп бербедиби бюджетке. Ким дагы ошондой сумманы төлөп берди ушул кунго чейин? Жанагы приговорундагы бүт үйбүлоөлүк мүлктү жазып койгондору да туура эмес болуп чыкты. Приговордун бир дагы жеринде ошол бүт үйбүлө тукум курут болсун, баардыгынын мүлкү конфискаяциялансын деген жер жок экен. Андан кийин анын мүлкүнүн тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдөн дагы бир канча киши соттолуп кеткенин кантип унутабыз. Ошондуктан, бул маселе боюнча дагы биз чекит коюп, өткөн чакты козгобой, алдыга карай жүрүшүбүз керек. Бул эски суроолорду жаап, элди тынчытпасак, кайра кайра эле ырбап кетебериши анык. Жанагы Ренат Тулебердиев сыяктуу официанттардын деңгээлиндеги эле оюн бул маселе. Чон саясатка айландырбай, баардык акыйкатсыздыкты токтотушубуз керек деген ойдомун. Ынтымакка чакырып, коомдо ушундай араздашууларды азайтсак туура болот деген ойдому
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Майдан"