www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мавлян Аскарбеков былтыр Дача СУга самолет кулап, элдер жабыркаганда ошол жака каттап, жардам көрсөтүп, анан элдин таламын талашкан. Компенсация кана эмес, ошол жактагы баардык көйгөйлүү проблемалар боюнча (жол, докумен, автобус каттамы, ж б у с). Бир жолу барып "биз чогулушубуз керек.....бийлик түкүрүп койду, бул бийлик быйыл алмашат, бийлик менен кармашыш керек" деп саясий активист уюштуруучу күнүнө жүз жолу айтчу сөздү айтыптыр.
Атамбаевдин буйругу менен Сегизбаевдин "үч тамгасы" кылмыш иш козгоп, Жолдубаеванын прокуратурасы сотто "насильственный захват власти и призывы к свержению строя" деген эң оор мамлекеттик кылмыш дооматын коюшат. Башка иш калбай калгансып, жайдан бери жума сайын жумушка баргандай Мавлян 1-май сотунан чыкпай калган.
Мына бүгүн өкүм окулду. Судья Эмил Кайыпов, сен балким ойлоп аткандырсың: "камаган жокмун, 50 миң сом штраф эле салдым, ыраазы болгула деп". Жок! Биз ыраазы болбойбуз! "Бийлик менен кармашыш керек", деген сөз үчүн Акаев менен Бакиев учурунда бирөө дагы соттолгон эмес! Сен мына бизди 7-апрелдин 8-жылында соттодуң. Бул үчүн сен сөзсүз жооп бересиң! Атамбаев канча жолу ошол Акаев-Бакиев доорунда ачыктан ачык эле "барам, бийликти басып алам" деп кайталаган", - бир дагы жолу кылмыш иш эмес, эскертүү да алган эмес.
Бүгүн болсо сот окүмүндө "создавал негативное отношение к власти, хотел организовать митинг" деп конституциялык укугубуз, жарандык парзыбыз, жигиттик милдетибиз мамлекеттик кылмыш катары эсептелип калганын ачыктан ачык судья Кайыпов өкүмүндө окуп берди. Бул элибизди жана тарыхыбызды маскаралоо болду! Наалат сага, Кайыпов! Сен жана сен кызмат кылган Индира Жолдубаева, Манас Арабаев жана Алмаз Мааткасымов жоопко сөзсүз тартыласыңар! - деди Эдил Байсалов.
Булак: NazarNews.kg