www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерди «кичинекей балага» теңеди.
Эдил Байсалов бүгүн, 1-декабрда, Twitter баракчасына билдирүү жазган. Анда ал Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп жатканын, бирок жергиликтүү ЖМКлар түшүндүрүү иштерин жасабай жатат деп, аларды айыптаган.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларда чыккан.
Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, анын жыйынтыгында башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.
БШКнын техникалык адиси добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды жадыбалга чыгарууда партиялардын талапкерлери алган добуштар эки жолу саналып калганын түшүндүрүп берди. Ал 28-ноябрдагы ката 15 мүнөттүн ичинде кайра калыбына келтирилгенин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы менен Улуттук коопсуздук комитет - система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатат.
Булак: NazarNews.kg