www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсаловду каралоонун жандырмагы табылды

Бийликтеги билимдүү, уюштургуч, саясый анализди таамай жасаган вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун айткан сөздөрүнөн, ишмердигинен кылдан кыйкым издегендер козуп чыгышып, каралап келатышкан.

Биз бул жагынан саресеп салып, баамдоо жүргүзгүчө, аз күн мурда кызык жагдайга туш болдук. Тар чөйрөдө белгилүү эле саясатчылар сүйлөшүп, “Эдил Байсалов бийликтин туруктуулугуна, күчтөнүүсүнө чоң салым кошот, мындайга жол бербейли!

Эмесе, аны элге жаман көрсөтүү керек. Бул аракетти бейөкмөтчүлөр, журналисттер, блогерлер улантышы үчүн шыктандыралы. Каралоо кампаниясы катуу жүрсө, Садыр Жапаров да бир чечимге келет...” деген Барбаросс планын ачыктап коёлу. Көрсө, бекеринен дараметтүү адамдын артынан сөз ээрчибейт тура.

Аткаруу кызматында идея, демилгелери бышкан, идиректүү Байсаловго карата жасалган атаканын сыры ушундай экен. Соцтармактарда баштоочулар шыбамай акциясын урдурушкандан бери түшүнүп-түшүнбөгөндөрү деле ээрчий беришет эмеспи.

Түсү ийгини, жаратманды көралбагандар... Ай ата, кыргыздар качан ичитарлыктан көтөрүлөбүз, деги оңоло турган күнүбүз келеби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости