www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Бүгүнкү күндө кубанычтуу бир көрүнүш - кыргыз киносунун кандай болгон күндө да өз орду бар. Ар башка темадагы, ар түрдүү деңгээлдеги кыргыз кинолору элдин көңүлүн өзүнө  бурууда. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Анвар-мырза менен кино актёрлук кесипкөйлүгү боюнча диалог курдук.

- Актёрдук кесип сиз үчүн...?

- Мен үчүн актёрдук кесип жашоомдун бир чоң бөлүгү. Кыйынчылыгы канча көп болсо дагы анын артында андан да чоң жеңиш жана жетишкендиктер бар экенине ишенем. Жөн эле актёрмун деп жашагым келбейт. Бул чыгармачылыктын чыйыр жолуна татаал кесиптин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, машакатуу эмгектин үзүрүн көрөйүн деп келдим. Ар бир эмгегим менен татыктуу из калтырып, кийинки муунга Анвар Осмоналиев деген атты калтыргым келет.

- Дайыма олуттуу сценарийлерге тартылып келесиз, экрандагы кыялдагы ролуңуз?

- Өзүм дагы олуттуулукка жакынмын. Чыгармачылыгымда олуттуу жана өзгөчө ролдор көп болсо экен деп тилек кыламын. 

- Адам болуп калыптанууда эненин ролу чоң экен. Көз карашыңызды уксак...

- Албетте, ак сүтүн эмизип, түн уйкусунан кечип, эрезеге жеткирген эненин сүтүн өмүрүбүз өткүчөктү актай албасыбыз акыйкат. Жашың канчага барбасын, энең үчүн сен дагы деле баягы эле наристесиң. Эркек балдар кээде ачууга алдырып, энебизди кагып-силкип коймой адатыбыз бар. Сенин эркелигинди көтөрө алган бир гана аялзаты бар, ал алдей ырын ырдап, алпештеп чоңойткон апаң. Ошондо дагы энекебиз үзүлүп түшүп эркелеткени эркелеткен. Жашоодо жамандыкка түрткөн эне болбогон чыгаар. Эненин ар  бир айткан сөздөрүн жүрөгүбүзгө бекем туталы! 

- Кесипке карай мүнөз өзгөрүлөбү же тескерисинчеби?

- Кесипке карай мүнөз өзгөрүлсө керек. Кыйынчылыктар  болгондо чыйралабыз, жеңил окатка жалкоолонуп  жумшара баштайбыз. Анан бара-бара мүнөз алмашып дегендей.

- Эмгегиңиз менен чет өлкөлөрдө байгелүү орундарга ээ болуп келе жатасыз. Мунун сыры эмнеде?

- Негизи кыялдар орундалат дегенге ишенемин. Чет өлкөгө барып ийгиликке жетишкен бул бирден-бир багыма буйруп  Жараткандын ыроологон табериги. Кыял менен максатты эч убакта чаташтырбаш керек. Экөө эки башка. Кыял-заматта оюңа кылт эткен аруу тилек, ал эми аны жетелеп иш жүзүнө ашыра турган максат деп билем. Мына экөөнү жуурулуштурган ыкма бар. Анын аты-эмгек!

- Ушундан арылсам болот эле деген мүнөзүңүз барбы?

- Андай мүнөздөр толтура. Четинен санасам жалкоолук, уйкучулук, ишенчээктик ж.б. 

- Сынга кандай карайсыз?

- Сынды туура эле кабылдайм. Бирок, туура жолду көрсөткөн адам сындаса, ал кишини баалайм. Сын-сенин иштиктүү тажрыйбаңды өстүрүүчү жана ийгиликке жеткирүүчү жападан-жалгыз баа жеткис тарбия.

- Сиз баалаган режиссёрлор...

- Чет элдик режиссёрлордон: Милош Форман, Роберт Земекис, Джеймс Камерон, кыргыз режиссёрлордон: СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, КР эл артисти Актан Арым Кубат жана Дальмира Тилепбергенова. Ал эми театр актёру болгондуктан биздин режиссёрлордон: КРнын эмгек сиңирген артисти раматылык Марат Козукеев, тажик режиссёру Барзу Абдуразаков, Нурлан Абдыкадыровдун эмгектерин баалайм. 

- Стиль - бул дүйнө боюнча чындыктын үрөнү тарап кетчү желе. Чыныгы таланттын өз почерки, өз стили болот эмеспи...

- Албетте, бармактын тагы бир-бирине коошпогон сыяктуу, ар бир таланттын өз стили, өз почерки болот. Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турганга не жетсин!

- Адам болуп калыптанууда эки жол бар: бири чечен адамды ээрчип жүрүү, экинчиси мыкты китеп окуу. Жашооңузда кайсы тарабы сизге таасир берди?

- Бала чагымда улуттук дүйнө таанымым чоң атам менен чоң энем айтып берген жомоктор менен сугарылды. Ошол жомоктогу не бир укмуш асыл сапаттар жашоомдо көп сабак болуп бере алды. Бара-бара жаш өзгөчөлүгүмө карай кыргыз адабиятынан тарта орус, дүйнөлүк классикага чейин китеп барактарын барактап окуганым жашоодо мени интеллект топтогонго үйрөттү. Китеп окуганда жашоого дегеле бүткүл ааламга боло турган көз караш мыкты тарапка өзгөргөрүлгөнүн байкайм. 

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости