www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Тажикстан электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоодон жылдагыдан көбүрөөк киреше тапты.

“Озоди” радиосу расмий статистикага таянып жазгандай, тажик өкмөтү жыл башынан берки 11 айдын ичинде 93,5 миллион доллардык электр энергиясын экспорттоду. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 40,5 миллион долларга көп.

Тажик бийлиги электр энергиясы Ооганстан менен Өзбекстанга берилгенин билдиргени менен кайсы мамлекетке канча көлөмдө экспорт жасалганын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, 11 айдын ичинде Тажикстанда 19 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу 5,7% көп.

Ошентсе да Тажикстанда 1-октябрдан тарта алыскы айылдарда электр жарыгы өчүрүлүп жатканы кабарланып келет. Бирок расмий органдар электр энергиясына чектөө киргизилгенин ырасташкан эмес.

Адистер быйыл Борбор Азиянын бир катар аймактарында электр энергиясынын тартыштыгы жаралганын айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости