www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балбан Жоламан Шаршенбековдун айланасындагы талкуу боюнча билдирүү жасады.

Байсалов Жоламан Шаршенбековду Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев дагы колдой турганын айтып, «Балбаныбызга, мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албасын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет!», — деп кошумчалаган.

Ошондой эле, Байсаловдун айтымында, Жоламан Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы — ал тууну сүйгөнү. Аны билип туруп, чемпионубузду саясатка аралаштырып, түрткүлөгөн, чагымчылдыкка барган журналисттерге жол болсун, — деп жазган Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖМКлардын биринде балбан Жоламан Шаршенбековдун мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы пикири жарыяланып, анда балбан учурдагы желекти мындан ары да эл аралык жарыштарда колдоно турганын айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости