www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлер калп детекторунан өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Полиграфтан (калп детектору) өткөрүүнүн негизги максаты — талапкерлердин коррупциялык азгырыктарга моюн бербестигин аныктоо.

"Инструмент мамлекеттик жана муниципалдык кызматка таза, мекенчил кадрларды тартууга жардам берет", — деп билдирди Базарбаев.

Ведомство ошондой эле кадр тандоого эки даана мультипсихомер алган. Аппарат талапкердин компетенттүүлүгүн, инсандыгын, психологиялык сапаттарын баалап, лидерлик потенциалын, IQ деңгээлин аныктай алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости