www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармак аркылуу билдирди.

Ал Жапаров боюнча сын же ушак угуп калса дароо эле күлкүсү келерин айткан.

"Бул киши тууралуу билип-билбей эле апыртып-көбүртүп сүйлөп, көрө албаган жана ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы — башкы вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Көптү айтып бергим келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Азыр туугандарыма айтарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден-соолугун тилеңиздер, бузуку кара санатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот", — деп жазган Байсалов.

Ошондой эле, ал постунун алдына Акылбек Жапаровдун өмүр баянын тиркеген.

Последние новости