www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов ханыша Елизавета IIнин тажиясына барат

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер-министр Эдил Байсалов катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын жана Ысык-Көл облустарында эл менен жолугушууларга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстанда калаары такталды.

Королева Елизавета IIнин тажиясына катыша турган мамлекеттик делегацияны Эдил Байсалов жетектейт.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда болот. Расмий азем Лондондогу Вестминстер аббаттыгында өтөт. Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин жетекчилери катышаары күтүлүүдө. Айрыкча АКШ лидери Жо Байден жана Япония императору Нарухито Лондонго келүү ниетин билдиришкен.

Эскерте кетсек, 70 жыл тактыда отурган ханыша Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости