www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения ЖККУдан (ОДКБ) аскерий жардам сурады

Армения бийлиги ЖККУдан өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн аскерий жардам көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян шаршембиде парламентте өкмөттүк саатта сүйлөп жатып билдирди.

“Армения ЖККУга 4-берененин негизинде кайрылып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн аскерий жардам сурады.

«Кечээ ЖККУнун жыйынында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоодо ок атышпоо режимин сактоо боюнча эл аралык мониторинг механизмдерин түзүү сунушу талкууланды. Муну ишке ашыруу жана агрессордун Армениянын аймактарынан чыгып кетишин камсыз кылуу зарыл деп ойлойбуз», - деди ал. «Мен ЖККУнун жыйынында биздин кесиптештер Азербайжан Армениянын суверендүү аймагына басып киргенин ачык айтышканын айткым келет", - деп кошумчалады ал. 

Пашинян ошондой эле “ЖККУнун жыйынында процесс башталганын, аны конкреттүү чечимдер менен бүтүрүү керек” деп белгиледи. Анын айтымында, Армения «Армениянын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү жана Азербайжандын куралдуу күчтөрүн Армениянын аймагынан чыгаруу үчүн» ЖККУга жардам сурап, анын ичинде аскерий жардам сурап кайрылган.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кеңеши Еревандын кайрылуусуна байланыштуу шейшемби күнү видеоконференция аркылуу кезексиз жыйын өткөрүп, кырдаалга баа берүү үчүн уюмдун баш катчысы жетектеген миссияны Арменияга жөнөтүүнү чечкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости