www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларга Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет.
Эгерде сиздин унааңыз 3.27 «Токтоого тыюу салынат» жол белгисинин алдында, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө, же жолду тосуп башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан абалда токтотулган болсо, МККБ кызматкерлери мыйзамга ылайык чара көрүп, унааны эвакуациялоого укуктуу.
Бишкек шаарындагы базарлардын аймагында күн сайын эвакуаторлор иштеп, туура эмес токтотулган унааларды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, бүгүн Ош базарынын аймагында МККБ кызматкерлери рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө. Жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланууда.
Айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана башка жол кыймылынын катышуучуларын урматтоого чакырабыз.