www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсаловдун кызматтан кетүү кезеги жеттиби?

Акыркы күндөрү бийлик коридорлорунда вице-премьер Эдил Байсаловдун кызматтан кетиши мүмкүн экени тууралуу сөздөр күч алды. Бир нече жылдан бери бийликтин маанилүү позициясын ээлеп келген Байсаловдун айрым билдирүүлөрү коомчулукта да, саясий чөйрөдө да талаш-тартыш жаратып келгени жашыруун эмес.

Буга чейин аянттарда демократияны даңазалап сүйлөгөн саясатчы бийликке келген соң позициясын кескин өзгөрттү деген сын-пикирлер байма-бай айтылып келет. Айрымдар аны демократиянын принциптеринен тайды десе, башкалар бийликтин талабына жараша иш алып барууда деп баалашат.
Такталбаган маалыматтарга караганда, Байсалов  дипломатиялык кызматка, тактап айтканда АКШга элчи болуп дайындалышы мүмкүн деген имиштер тарай баштады. Эгер бул маалымат чындыкка айланса, мындай чечим канчалык туура болот деген суроо жаралбай койбойт.

Саясатта тажрыйбасы бар, бирок кескин билдирүүлөрү менен айырмаланган фигураны стратегиялык маанилүү өлкөгө жиберүү — жоопкерчиликтүү кадам. Ошондуктан бийлик бул маселени ар тараптуу таразалап, улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюшу зарыл.

Себеби, жүрөгү батыш деп соккон Байсалов элчилик кызматка бара турган болсо, кийин өзү эле “демократиядан айрылдык” деп сын айтып  шыбырап  чыкпайт, деп эч ким кепилдик бере албайт.

Андыктан Байсаловду АКШга жиберерде бийлик жети өлчөп бир кесип, он ойлонуп, тогуз толгонуп чечим кабыл алганы оң.

Последние новости