www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагын жана коронавирусту токтотуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын негизинде маалымат алмашып, инфекциялык оорулар чыкканда акылдашып түзгөн алгоритмди ишке ашырып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле элди коопсуз, сапаттуу, натыйжа бере тургандай вакцина жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн илимий иликтөөлөрдү чогуу жүргүзүү маселеси да планга киргизилген.

"ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү профилдик уюмдардын адистерин белгилүү жана жаңы инфекциялык оорулардын чыгуусун аныктоо боюнча окутуу да каралып жатат. Мындан сырткары, кооптуу делген вирустар менен күрөшүүдө керектеле турган медициналык буюмдарды өндүргөндөр тууралуу расмий маалыматты жарыялап туруу да макулдашылды", —деп айтылат маалыматта.

Планга киргизилген иш-чараларды жүзөгө ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системасынын потенциалын бекемдөөгө жардам бере турганы кошумчаланды. Маалым болгондой, жогоруда сөз болгон пландар аткарылса, кийинки эпидемияларды алдын алып, аны жок кылууга өбөлгө түзүлөрү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости