www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков баяндама жасады.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашуусун 2014 жылдын 29-майында жана 2015-жылдын 29-майында күчүнө кирген Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайыкка келтирүүгө байланыштуу иштелип чыкканын билдирди.

Документте атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу маселелерин кароонун алкагында ишкердик субъекттери тарабынан ЕЭБке берилген жашыруун маалыматты колдонуу тартибин сактоо үчүн зарыл шарттар каралган, ошондой эле мындай маалыматты ачыкка чыгарууда жоопко тартуу процессин жөнгө салат.

Талкуу маалында депутаттар ЕЭБ алкагында соода жүгүртүүлөргө жана товар ташуу жараяндарына жаралган тоскоолдуктарды жоюу маселесине токтолушту. Алсак, депутат Өмүрбек Бакиров жакында жер-жемишти экспорттоо иши башталаарын белгилеп, ага чейин чек аралардагы көйгөйлөрдү чечүү керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев Өзбекстан менен байланыштарды арттыруу багытында Бекабад, Нанай жана Пахтабад өткөрмө жайларын ачуу боюнча ЕАБ алкагында маселени көтөрүп чыгууну сунуштады.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости