www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым ири мамлекеттердин өз экономикасын жабык экономикага айландыруу аракети триллиондогон жоготууларга алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын Соода коллегиясынын мүчөсү Андрей Слепнев билдирди.

Слепнев "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү.

Анын айтымында, пандемия технология менен экономикада жаңы тартиптин пайда болушуна түрткү берүүдө.

"Негизги тобокелдик — саясат жана соода тармактарындагы пикир келишпестиктердин күчөп кетиши. Мезгил бардык тараптардан координацияны талап кылууда, ошондо гана биз азыркы кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз. Эгер бир чечимге келе албасак, ар ким өз рыногунан чыга албай, экономиканын бир топ тармактарын жоготуп алышыбыз мүмкүн", — деди Слепнев.

Андрей Слепнев айтымында, ЕАЭБ менен Кытай окуянын бул тарапка өнүгүп кетишине даяр. Анткени өзүбүздө электр энергиясы, өндүрүш жана базалык технология жетиштүү.

"Азыркыдай сценарий менен кете берсек, 2025-жылга чейин дүйнөлүк экономика 10 триллион доллардын тегерегинде каражат жоготушу мүмкүн. Бул абдан көп акча, жай турмуш кезде мындай суммадагы каражатка жаңы технологиялар жагынан бир тепкичке өйдөлөп алмакпыз", — деди Слепнев.

Мындан тышкары, ал айрым ири оюнчулар пандемияны өз экономикасын гана жаңы деңгээлге көтөрүп алуунун куралы катары колдонуп жатканына тынчсызданды. Анын пикиринде, мындай нерселерге эл аралык долбоорлордун башын бириктирүү жолдору менен каршы турса болот. Мисалы, Кытай, ЕАЭБ жана Европа биримдигинде бир топ биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости