www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эң башкы улуттук майрамы – Эгемендик күнү белгиленди. Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон бери 27 жыл өттү. Ала-тоо аянтында майрамга чогулган элге Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева баштаган атка минерлер чыгышты. Дагы бир экс-президент Алмазбек Атамбаев чакыруудан баш тартып, “ооруп жатам” деп келбей койду.

Бул күндүн урматына Президент борбордук аянтта жалпы кыргызстандыктарды эркиндик майрамы менен куттуктады. Акыркы жети жылда алгачкы жолу ажонун куттук сөздөрү элдин көңүлүн муюткандай болду. Мындай ыраазы болгон жана ишеним оту жанган маанайды көчөдөн да, социалдык түйүндөрдөн да кеңири кездештирүүгө болот. Анткени, буга чейин (мурунку президенттин тушунда) ар бир майрам сайын элдин маанайы бузулуп, ажонун элди саясий топторго, аймактарга, жадагалса тууган-уруктарга чейин бөлүп-жарып, кагып силккен “куттуктоолору” элдин көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн болчу. Өзгөчө 2016-жылдагы Эгемендик майрамында Алмазбек Атамбаевдин ыңкылапташ досторун, жанында турган экс-президент Роза Отунбаеваны жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапкан жоругу узун сабак кеп болуп келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкына Кыргызстанда эркиндик эң жогорку баалуулук болоорун, эркин элдин экономикалык жана саясий укуктары камсыздалаарын убада кылды. Ал, ошондой эле, бийлик мындан ары элге жакын болуп, элдин үнүн, талабын угуп иштээрин билдирди. “Кыргызстандын келечеги үчүн биз өлкөдө тынчтыкты жана бейпилдикти, улут аралык ынтымакты баалап-сакташыбыз, мамлекеттүүлүктү жана коомдогу биримдикти коргошубуз керек. Бул ар бир кыргызстандыктын ыйык парзы болушу шарт”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Аянттагы майрам, элдин, үлкөндөрдүн маанайы тууралуу түрдүү кептер – көңүл толо кубанган пикирлер айтылууда. Алсак, коомдук ишмер Асия Сасыкбаева аянттагы майрамда элди жасалма чогултуу, бюджетчилерди мажбурлап уюштуруу сыяктуу адаттарды бул жолу байкабаганын, калк ээн-эркин, жайдары маанайда майрамдап жүрүшкөнүн көргөнүн айтат. Ал эмиПрезидент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева баштаган үлкөндөрдүн күнгө куурулуп турган элдин алдында хан чатыр куруп алып көлөкөдө чалкалабай, жупуну, ашыкча шаан-шөкөтсүз турушканын алкаган сөздөр сүрөттөрү менен кеңири таркоодо. Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун майрамдык трибунаны калкын куттуктоо, эртеңкисине шыктандыруу жана биримдикке чакыруу үчүн колдонгону элди чындап жагымдуу таң калтырды. Ага кастарын тигип ар бурчта бут тоскон саясий топтордун тынымсыз аракеттерине карабай, саясий оппоненттерине карата бир да кара пиар жаадырган жок.

Баарынан да, кыргызстандыктар Президенттен башкы белек катары – эртеңки күнгө Ишенимди алышканына кубанып турушат.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости