www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 жаңы ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө быйыл жалпы 113 өнөр жай объектисин ачуу каралууда. Учурда алардын алтоосу ишке берилсе, калгандары жыл соңуна чейин этап-этабы менен пайдаланууга тапшырылат.
Министрликтин өкүлү Айжан Жумашеванын айтымында, жаңы ишканалар кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика жана машина куруу тармактарында иш алып барат.
Алардын ишке кириши менен 11 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.