www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын июнь айынан бери «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери көлдөгү экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Соң-Көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жалпы узундугу 37 миң метрди түзгөн мыйзамсыз торлор көлдөн чыгарылды.

Адистердин айтымында, мындай иштер көлдүн биологиялык ресурстарын коргоого, экологиялык абалды жакшыртууга жана суу объектисинин мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо иштери уланууда.

Последние новости