www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египет Суэц каналын кеңейтет

Египет Суэц каналын кеңейтүү долбоорун кабыл алып, аны 10 км узартуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле каналдын 30 км аралыктагы аймагынын түштүк тарабы кеңейтилип,тереңдетилет.

Суэц каналынын жетекчилиги каналды кеңейтүү жана тереңдетүү иштерин баштады. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Усома Роби маалымдаганын чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Робинин айтымында, каналды кеңейтүү иштери март айында Ever Given контейнер ташуучу суу кемеси тыгылып калган жерден башталган.

Долбоорго ылайык канал 10 километрге узартылат. Ошондой эле кеңейтүү иштери да аткарылат.

Жер Ортолук деңизи жана Кызыл деңизди бириктирип турган Суэц каналынын узундугу 193,3 км, тереңдиги 24 метрди түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости